Чет өлкөгө жумушка жөнөтөм деген алдамчылар көбөйдү
Чет өлкөгө ишке орноштурам деп жарандардан акча алган шылуундар көбөйдү. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун Эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, жарандар агенттиктерди www.migrant.kg расмий сайты аркылуу текшериши керек. Бул жерде лицензиясы бар бардык мыйзамдуу агенттиктер тууралуу маалымат бар.
Ошондой эле 6–7 миң доллар сыяктуу жогору айлык убада кылган жарнамалардан сак болуу сунушталат. Алдамчылар жасалма документтерди колдонушу мүмкүн.
Алдамчылыкка кабылгандар Ички иштер министрлигине кайрылышы керек.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы 170 миңге жакын кыргызстандык чет өлкөгө кеткен. Алардын 25 миңге жакыны гана расмий жол менен жумушка орношкон. Калгандары өз алдынча кеткен.
Адистер расмий эмес жол менен кеткендер көбүрөөк тобокелчиликке кабыларын белгилешти.