Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт
Кыргызстанда 30-марттан 3-апрелге чейин “Акчаны акыл менен башкар — үйүңдө береке болсун» деген ураан алдында Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы болот. Бул ишчара өлкөнүн бардык аймактарын өзүнө камтып, жаштардын финансылык билимин жогорулатууга басым жасалмакчы. Мындай билдирүүнү иш-чаранын демилгечиси болгон КРнын Улуттук банкынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, иш-чара финансы-кредиттик уюмдар, мамлекеттик органдар, ошондой эле эл аралык жана коомдук институттар менен биргеликте өткөрүлөт. Анын алкагында, коммерциялык банктарга экскурсиялар, билим берүүчү лекциялар, интерактивдүү жолугушуулар, сынактар жана башка тематикалык иш-чаралар уюштурулат.
Global Money Week — бул дүйнөнүн 170тен ашуун өлкөсүндө өткөрүлүп келген жыл сайынкы эл аралык демилге болуп, балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталат.