Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы керектөөчүлөрдүн укуктары тууралуу сабак өтүштү
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Балта шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте М. Ибраимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин окутуучулары үчүн маалыматтык-түшүндүрүү лекциясын өткөрүштү.
Иш-чара Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк күндүн алкагында уюштурулуп, керектөөчүлөрдүн укуктары жана аларды коргоо механизмдери тууралуу маалымат берүүгө багытталган. Лекциянын жүрүшүндө: керектөөчүлөрдүн негизги укуктары, укуктар бузулган учурда кайрылуунун жолдору, тиешелүү мамлекеттик органдардын ролу ж.б тууралуу маалымат берилди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын билдирүүсүнө караганда, мындай иш-чаралар жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маданиятын калыптандырууга өбөлгө түзөт.
