Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 эл аралык медициналык көргөзмөсү старт алды
Бүгүн, 31-мартта, Бишкек шаарында саламаттык сактоо тармагындагы эң ири иш-чаралардын бири — MedExpo Kyrgyzstan 2026 расмий түрдө ачылды. Иш-чарага медицина тармагынын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсү жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышууда.
Көргөзмөнүн ачылыш аземине Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов катышып, бул иш-чара заманбап технологияларды киргизүү жана эл аралык кызматташууну чыңдоо үчүн маанилүү аянтча экенин баса белгиледи.

Бул жылы көргөзмөгө Кыргызстан, Россия, Кытай, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Корея, Польша, Латвия жана Пакистан сыяктуу 10 өлкөдөн 90дон ашык компания катышууда.
Экспозицияда медициналык жабдуулар, лабораториялык диагностика жана санариптик технологиялар боюнча акыркы жетишкендиктер сунушталды. Көргөзмөнүн алкагында Беларус, Кытай, Пакистан, Россия жана Өзбекстандын улуттук стенддерине өзгөчө көңүл бурулуп, тармактагы ири өндүрүүчүлөрдүн продукциялары көрсөтүлүүдө.
Мындан тышкары, эл аралык эксперттердин катышуусунда ишкердик программа уюштурулуп, анда медициналык мекемелерди башкаруу жана санариптик чечимдерди киргизүү маселелери талкууланмакчы.