Депутат "Балага сүйүнчүнү" 10 миң сомго көтөрүүнү демилгеледи
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин көбөйтүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул Кыргызстанда төрөлүүнү стимулдаштырууга жардам берет.
Депутат белгилегендей, учурда бул жөлөкпул үчүн бюджеттен жылына болгону 600 млн сом сарпталат. Орточо эсеп менен жылына 150 миңдей бала төрөлөт.
Ал төлөмдү жок дегенде 10 миң сомго чейин көтөрүү керектигин айтып, бул үчүн кошумча жылына 900 млн сом талап кылынарын билдирди.
"Эгерде бизде төрөлүү азайып жатса, ушул жерден баштоо керек. Жок дегенде адамдарда баштапкы чыгымдар үчүн акча болсун", — деди ал.
Ал эми Финансы министрлиги жооп иретинде 1-июлдан тарта 3 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын 1,2 миң сом өлчөмүндө жөлөкпул киргизиле турганын эске салды. Бул максатка бюджеттен 10 млрд сом бөлүнөт.
Мекеме кошумчалагандай, "балага сүйүнчү" төлөмүн көбөйтүү маселеси 2027-жылдын бюджетин түзүү учурунда, бардык киреше-чыгашалар так эсептелгенден кийин каралышы мүмкүн.