"Нелегал" тасмасын тартууга 61 млн сом жумшалганын режиссер билдирди
10 күндөн бери эл сүйүп көрүп жаткан Руслан Акундун "Нелегал" киносуна көп акча каражаты жумшалганын режиссер коомчулукка билдирди.
Режиссёрдун айтымында, бул кинонун бюджети 61 млн. сомдон (700 миң доллар) ашкан. Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда "Курманжан датка" тарыхый тасмасынан (ага мамлекет 70 млн сомдон ашык акча сарптаган) башка киного мынчалык көп каражат жумшалган эмес.
Азыркы инфляция менен алганда эки тасманын чыгымдарын салыштырууга болбойт. Себеби, 2014-жылы баалар да азыркыга салыштырмалуу кыйла төмөн болгон.
Эми “Нелегалга" кеткен чыгым өзүн өзү акташ үчүн Кыргызстандан 400 миңден ашуун адам бул тасманы акча төлөп көрүшү керек. Көрүүчүлөрдүн айтымында, бул кинону бир гана Кыргызстан үчүн эмес, коңшу мамлекеттерге жана АКШга мыйзамсыз миграция маселеси курч болгон бир катар мамлекеттерге да прокатка чыгаруу мүмкүнчүлүгү жогору. Бул жагынан алганда Руслан Акундун, анын командасынын, актерлордун эмгеги акталышы мүмкүн.