2025-жылы 62% микрокредиттер керектөө муктаждыктарына жумшалган

2025-жылы 62% микрокредиттер керектөө муктаждыктарына жумшалган

2025-жылы Кыргызстанда микрокредит берүү көлөмү өсүп, негизги бөлүгү керектөө муктаждыктарына багытталганы белгилүү болду. Бул тууралуу КРнын Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, микрокредиттик уюмдар тарабынан 2025-жылы жалпысынан 86 млрд сом өлчөмүндө насыя берилген. Ал эми алуучулардын саны 1,68 млн адамга жеткен. Бул көрсөткүчтөр 2024-жылга салыштырмалуу олуттуу өсүштү көрсөтөт: алуучулардын саны 1,5 эсеге, ал эми берилген каражаттын көлөмү дээрлик 32%га көбөйгөн.

Аймактар боюнча алып караганда, микрокредит алуучулардын эң чоң үлүшү Бишкек шаарына туура келет — 36%дан ашыгы.  Андан кийин Ош облусу (13%га жакын), Жалал-Абад (11%га жакын) жана Чүй облусу (9%дан ашык) орун алган. Ошол эле учурда берилген каражаттын көлөмү боюнча да Бишкек шаары алдыда — жалпы сумманын 28,5%ы ушул аймакка туура келет. Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустары да ири үлүшкө ээ.

 Тармактык бөлүштүрүүдө микрокредиттердин басымдуу бөлүгү — 62%га жакыны — керектөө максаттарына пайдаланылган. Айыл чарба тармагына берилген насыялар 15%ды түзсө, соода жана коомдук тамактануу тармагына 10%дан ашыгы туура келген.

Мындан тышкары окуңуз

ОшМУ чет өлкөлүк беш университет менен келишим түздү

ОшМУ чет өлкөлүк беш университет менен келишим түздү

Ош мамлекеттик университети Ташкентте өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн эл аралык билим берүү форумунун алкагында беш жогорку окуу жайы менен кызматташуу боюнча келишимдерге кол койду. Бул тууралуу аталган университеттен билдиришти. Маалыматына караганда, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Польша, Түркия, Канада жана башка өлкөлөрдүн билим берүү мекемелеринин жетекчилери, окумуштуулар жана эл

Ишкер Media
Кара-Сууда жайытка мыйзамсыз үй куруудан 390 миң сом зыян келтирилди

Кара-Сууда жайытка мыйзамсыз үй куруудан 390 миң сом зыян келтирилди

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын аймактагы башкармалыгы Ош облусунун Кара-Суу районунда жайыт жерге уруксатсыз турак үй курулгандыгы аныктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Отуз-Адыр айыл аймагындагы Курбан-Кара айылынын Мирный участкасында жүргүзүлгөн мониторинг учурунда жайыт жерлерине тиешелүү уруксат документтерисиз курулуш иштери жүргүзүлгөнү белгилүү болгон. Тактап

Ишкер Media
Ошто РКӨФ колдоосу менен жеке мектеп оңдолүп, 50 жаңы жумуш орду түзүлдү

Ошто РКӨФ колдоосу менен жеке мектеп оңдолүп, 50 жаңы жумуш орду түзүлдү

Ош шаарында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен жеке мектептин инфраструктурасы кеңейтилип, 50 жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2006-жылдан бери иштеп келе жаткан “Грамотей” мектебинде жаңы филиал ачылып, негизги имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Чатыры толугу менен алмаштырылып, ичи оңдоп

Ишкер Media
Эмгек министри 3 облустагы социалдык мекемелердин ишин текшерди

Эмгек министри 3 облустагы социалдык мекемелердин ишин текшерди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барып, социалдык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, министр аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен жолугуп, жөлөкпулдарды дайындоо, калкты иш менен камсыз кылуу жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди

Ишкер Media