Чүй–Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз тосмо кайра алынды

Чүй–Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз тосмо кайра алынды

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалык Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде мыйзамсыз орнотулган объектти демонтаждады.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жакынкы үйлөрдүн жашоочулары муниципалдык аймакты өз алдынча тосуп, тосмо жана дарбаза орнотушкан.

Бул объект буга чейин да демонтаждалган, бирок кийин кайра орнотулган.

Акыркы демонтаждан кийин конструкциялар алынып, айып короосуна жеткирилди. Ээлери айып пулду жана чыгымдарды төлөгөндөн кийин алып кете алышат.

Муниципалдык аймакта мындай объекттерди орнотууга жол берилбейт.

Мындан тышкары окуңуз

Кочкордо мурдагы айыл башчы 5,7 млн сомдук коррупциялык иш боюнча кармалды

Кочкордо мурдагы айыл башчы 5,7 млн сомдук коррупциялык иш боюнча кармалды

Кочкор районунда мурдагы айыл башчы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ормон-Хан айыл аймагында ири өлчөмдөгү каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, 2025-жылы айыл аймактын мурдагы башчысы А.Б.К. мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө тиешелүү мыйзамдардын талаптарын бузган. Анын натыйжасында

Улуттук банк алмашуу бюролору үчүн мыйзам талаптары боюнча семинар өткөрдү

Улуттук банк алмашуу бюролору үчүн мыйзам талаптары боюнча семинар өткөрдү

КРнын Улуттук банкы алмашуу бюролорунун кызматкерлери үчүн атайын окутуучу семинар уюштурду. Маалыматка ылайык, иш-чара кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү багытындагы мыйзам талаптарын түшүндүрүүгө арналган. Семинарга 70ке жакын алмашуу бюролорунун кызматкерлери жана Альянс алмашуу бюролорунун ассоциациясынын өкүлдөрү катышты. Анын жүрүшүндө катышуучуларга Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын негизги

Баткенде күнөсканада өстүрүлгөн кулпунай кирешелүү бизнеске айланды

Баткенде күнөсканада өстүрүлгөн кулпунай кирешелүү бизнеске айланды

Баткен облусунун Лейлек районундагы Раззаков шаарына караштуу Чымген айылынын тургуну Аззамкул Ташбеков күнөсканада кулпунай өстүрүү менен ийгиликтүү ишкерлик жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда ал кооператив мүчөлөрү менен бирге түшүм жыйноо иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми жубайы өстүрүлгөн кулпунайды ички базарда сатууда. Алар өстүргөн кулпунайга суроо-талап жогору болуп,

Кытайга азык-түлүк экспорттоочулар үчүн жаңы каттоо талаптары киргизилет

Кытайга азык-түлүк экспорттоочулар үчүн жаңы каттоо талаптары киргизилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын №280 буйругу тууралуу маалымдады. Бул талаптар 2026-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет. Ведомствонун маалыматына ылайык, жаңы тартипке ылайык, Кытайга азык-түлүк продукциясын экспорттоочу чет өлкөлүк ишканалар CIFER мамлекеттик маалыматтык