Кочкордо мурдагы айыл башчы 5,7 млн сомдук коррупциялык иш боюнча кармалды
Кочкор районунда мурдагы айыл башчы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ормон-Хан айыл аймагында ири өлчөмдөгү каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.
Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, 2025-жылы айыл аймактын мурдагы башчысы А.Б.К. мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө тиешелүү мыйзамдардын талаптарын бузган.
Анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилгени белгилүү болду.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, 2026-жылдын 31-мартында шектүү кармалды. Ал Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда.