ӨКМ жарандык коргонуу чараларын аткарбагандарды айыпка тартат
Министрлер кабинети өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү демилгеледи.
Документке ылайык, жаңы административдик жаза чаралары киргизилет. Тактап айтканда, Укук бузуулар жөнүндө кодекске жаңы 143-1-берене кошуу сунушталууда. Ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү талаптарын аткарбагандарга катуу айып пулдарды белгилейт:
- жеке жактар үчүн — 100 эсептик көрсөткүч (10 000 сом)
- кызмат адамдары үчүн — 200 эсептик көрсөткүч (20 000 сом)
- юридикалык жактар үчүн — 600 эсептик көрсөткүч (60 000 сом)
Коомдук талкуудан кийин мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш кароосуна жөнөтүлөт.
Мыйзам кабыл алынса, иштерди кароо жана айып пул салуу укугу жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу орган болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилет.
Буга чейин, 2025-жылдын сентябрында Министрлер кабинети тиешелүү иш-чаралар планын бекитип, мекеме жана ишканалардын жетекчилерине объектилердин коопсуздугу үчүн жеке жоопкерчилик жүктөгөн.