Спорттук балык уулоого лимиттер электрондук система аркылуу берилет
1-апрелден тарта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан спорттук-ышкыбоздук балык уулоого лимиттер "Электрондук балык уулоо системасына" киргизилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, система аркылуу дарыя османы, Амударыя жилингири жана Ысык-Көл жилингири сыяктуу баалуу балык түрлөрүнө уруксат алуу мүмкүн.
Балык уулоо карточкаларын Министрликтин расмий сайтындагы кызматтар бөлүмү (rb.agro.gov.kg) жана MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот.