Жогорку Кеңеште мал оорулары жана ветеринария маселеси көтөрүлдү
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Аталган мыйзамды талкуулоо учурунда эл өкүлдөрү мал ооруларынын көбөйүшү жана ветеринардык кызматтардын жетишсиздиги маселесин көтөрүп чыгышты.
КРнын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Кумарбек Исаков учурда мал оорулары көбөйүп, мутацияланып жатканын белгиледи.

Адистин айтымында, азыр 75 түрдүү оору аныкталган, алардын ичинен тогузу боюнча мамлекет тарабынан каржыланып, малчыларды бекер дары менен камсыздоо жана вакциналоо ишке ашырылууда.
“Азыркы тапта вакцина келген, жер-жерлерге таркатылып берилди. Дагы бир оорунун күмөн санап жаткандыктан кошумча дагы 1 вакцина алууга туура келип жатат. Лабараториядан тастыктоо чыга электигине байланыштуу кээ бир ооруларды ачык айтууга азыр мүмкүн эмес” - деди Кумарбек Исаков.
Ошол эле учурда депутат Кубанычбек Самаков ветеринардык кызматтардын ишине сын пикирин айтып, вакциналар айыл жергесине жетпей, мал оорулары күчөп кеткенин билдирди.

"Айылда малдын баары ооруп бүтүп, өзүнөн-өзү айыгып жатат. Эмне үчүн ошол оорулардын типтерин жана вакцинасын эртерек таап бербейсиздер? Элдер силердин дарыңарды эмес көрүнгөн антибиотиктерди сайып, эптеп керосин, солярка менен мурдун жууп, айыктырып жатышат. Анын кесепети сүтүнө өтүп, анализинен ар кандай антибиотиктер чыгып жатат. Эртең бул мамлекеттик коопсуздукка да шек келтирчү нерсе"– деп билдирди Самаков.
Депутат ошондой эле жыл сайын дары-дармекке бөлүнгөн 500 млн сом каражаттын натыйжалуулугу тууралуу кызыкты эле, Кумарбек Исаков бул каражат толук өздөштүрүлөөрүн билдирди. Бирок, Самаков бул пикирге макул болбой, жер-жерлерде мамлекеттик дарылар жетишсиз колдонулуп жатканын белгиледи.