Алдамчылык менен 37 миң сом алган лейтенант кармалды
УКМК Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери — милициянын лейтенанты М.Н.М. кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын ички иликтөө бөлүмү менен биргеликте кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзгөн.
Тергөөнүн версиясы боюнча, лейтенант кызматтык абалынан пайдаланып, 37 миң сом акчаны ээлеп алган. Бул каражат жабырлануучуга келтирилген материалдык зыянды электрондук капчык аркылуу төлөп берүү шылтоосу менен алынганы айтылууда.
Ошондой эле шектүү акчаны таанышына которуп, кийин аны өзүнүн жеке электрондук капчыгына которууну суранганы белгиленген.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар уланууда. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.