Быйыл 12 миң гектарга жакын бак: “Жашыл Мурас” симпозиумунун жыйынтыгы
Күн мурун Манас шаарында “Жашыл Мурас” кампаниясын ишке ашырууга арналган симпозиум өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жергиликтүү бийликтин, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана фермерлер катышты.
Министрдин орун басары Рустам Балтабаев кампания тоолуу аймактарды өнүктүрүүдө, деградацияланган жерлерди калыбына келтирүүдө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууда маанилүү экенин белгиледи.
2025–2029-жылдарга карата министрликке 20 негизги иш-чара жүктөлүп, алардын аткарылышы жүргүзүлүүдө.
Учурда 11 миң 960 гектардан ашык аянтка мөмөлүү бактар отургузулду. 2025-жылы 401 миң гектардан ашык жайыт жерлер эс алдырууга калтырылган.
Симпозиумда суу менен камсыз кылуу, жер ресурстарын башкаруу жана ирригация маселелери талкууланып, фермерлердин тажрыйбалары сунушталды.
Жыйынтыгында кызматташууну күчөтүү жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.