Facebook колдонуучусу Санжарбек Тилековго 20 миң айып пул салынды

Facebook колдонуучусу Санжарбек Тилековго 20 миң айып пул салынды

Биринчимай райондук соту социалдык тармактарда абройго жана кадыр-баркка шек келтирген маалыматтарды таратуу боюнча ишти карады.

Адвокат Нурбек Токтакунов билдиргендей, Facebook колдонуучусу Санжарбек Тилеков күнөөлүү деп табылып, анын жарыялары үчүн 20 миң сом айып пул салынды. Анын айтымында, Тилеков күнөөсүн моюнга алып, кечирим сурап, мындан ары баракчасын туура алып барарын убада кылган.

Юрист мындай учурларда жарандар өз аброюн жана кадыр-баркын коргоо үчүн укук коргоо органдарына кайрыла аларын эске салды. Бул үчүн Укук бузуулар кодексинин 107-беренесинин негизинде арыз жазылып, протокол түзүлгөндөн кийин материалдар сотко жөнөтүлөт.

Токтакунов социалдык тармак колдонуучуларын этиканы сактоого жана бири-бирин урматтоого чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Талас облусунда чакан ГЭСтер комплексинин курулушу башталды

Талас облусунда чакан ГЭСтер комплексинин курулушу башталды

Талас облусунда “Жерүй” чакан ГЭСтер комплексинин курулушу башталганын “Альянс Алтын” компаниясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорду “Альянс Гидро” ЖЧКсы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, “Альянс Алтын” компаниясы жана “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКтын катышуусунда ишке ашырууда. “Жерүй” комплекси жалпы кубаттуулугу 24 МВтка чейин жеткен, жылына болжол менен 80 млн кВт·саат электр энергиясын өндүрө

Зергерчилик тармагында көмүскө жүгүртүү азайып, бюджетке түшкөн салык көбөйдү

Зергерчилик тармагында көмүскө жүгүртүү азайып, бюджетке түшкөн салык көбөйдү

Зергерчилик тармагына берилген жеңилдиктердин натыйжасында көмүскө жүгүртүү азайып, бюджетке түшкөн салык көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, буга чейин баалуу металлдар тармагы Финансы министрлигинин курамында болгон. Кийин тармак Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилип, аны өнүктүрүү боюнча бир катар милдеттер коюлган. “Кыргызстанда зергерчилик үчүн керектүү

Кыргыз-кытай чек арасы эки күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы эки күнгө жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы убактылуу эки күнгө жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен коңшу өлкөдө “Цинмин” күнүн белгилөөгө байланыштуу жабылууда. Ага ылайык, кыргыз-кытай тилкесиндеги “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттары 4-апрелде саат 20:00дөн тартып иштебей калат. Өткөрмө пункттары 6-апрелде кайрадан

КФБ алтындын экинчи рыногун өнүктүрүүнү көздөйт

КФБ алтындын экинчи рыногун өнүктүрүүнү көздөйт

Арслан Кененбаев 3-апрелде Кыргыз фондулук биржасында алтын менен сооданын башталышында алтын инвестициялык портфелде маанилүү орунду ээлеши керек экенин билдирди. Анын айтымында, акыркы 20 жылда алтындын баасы болжол менен 20 эсеге өсүп, доллардан да озуп кеткен. "Азыр дүйнөдө геосаясий туруксуздук күчөп жатат. Ошондуктан ар бир инвестициялык портфелде баалуу кагаздар менен