Республикалык тестирлөөгө дээрлик 57 миң абитуриент катталды
Кыргызстанда 56 миң 861 абитуриент Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) сынагына ийгиликтүү катталганын Билим берүүнү баалоо жана окутуу методдору борбору билдирди.
Арыздар системасынын маалыматына ылайык, жалпы берилген арыздардын саны 65 миң 389ду түздү.
Анын ичинен:
- кыргыз тилинде — 36 миң 289 катышуучу;
- орус тилинде — 29,1 миң катышуучу.
Мындан тышкары:
- 7 миң 689 абитуриент арыздарын толук жөнөтүшкөн эмес;
- 839 арыз толук эмес болуп, оңдоону талап кылат.
Ошондуктан бардык арыздар толук жөнөтүлүп, толтурулгандан кийин маалыматтар өзгөрүшү мүмкүн.
2012-жылдан бери ЖРТ өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларга (менчигинин түрүнө карабастан) тапшыруу үчүн милдеттүү болуп эсептелет. Айрым маданият жана искусство адистиктери, ошондой эле дене тарбия жана спорттун айрым багыттары гана өзгөчө учур болуп саналат.
2026-жылдан тартып орто кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу да ЖРТнын жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
Маалымат үчүн, 2025-жылы ЖРТга болжол менен 57,5 миң абитуриент катышкан.