"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти
Бишкек шаарындагы Тазалык муниципалдык ишканасы катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн төлөмдөр боюнча карыздарды аныктоо максатында рейддерди күчөтөт.
Ишканадан билдиришкендей, текшерүүлөр жарандарды гана эмес, жеке чарбаларды жана кызмат акысын системалуу түрдө төлөбөгөн ишкерлерди да камтыйт. Айрыкча узак убакыттан бери карызы бар абоненттерге өзгөчө көңүл бурулат.
2026-жылдын 1-мартына карата жалпы карыздын суммасы 244 млн сомдон ашат. Анын ичинен:
- юридикалык жактар — 96,4 млн сом;
- калк — 147,9 млн сом.
Карыз төлөбөгөндөргө карата мыйзамдын алкагында чаралар көрүлөт, анын ичинде айып пулдар да каралган.
"Тазалыкта" белгилешкендей, түшкөн төлөмдөр кызматкерлердин айлык маянасын төлөөгө жана калдыктарды чыгаруу системасынын туруктуу иштешин камсыз кылууга жумшалат. Шаар тургундары кызмат акысын өз убагында төлөөгө чакырылат.