Финансылык мыйзам бузуу боюнча камалган Улан Уезбаев үй камагына чыгарылды
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Бишкек мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин мурдагы директору Улан Уезбаев боюнча бөгөт чарасын өзгөрткөнүн Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-апрелде райондук сот Уезбаевди камактан бошотуп, ага карата үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган.
Эске салсак, 2025-жылдын март айында козголгон кылмыш ишинин алкагында транспорт департаментинин кызмат адамдары жол кыймылын автоматташтырылган башкаруу системасын (АСУДД) ишке ашырууда техникалык-экономикалык негиздеме даярдабастан жана светофор объекттерин толук иштеп чыкпастан, чет өлкөлүк компания менен түз сатып алуу жолу аркылуу келишим түзгөнү аныкталган.
Келишимдин суммасы 128 млн сомду түзүп, ал 21 кесилишке тиешелүү болгон (Байтик Баатыр көчөсү боюнча Күрөңкеев көчөсүнөн А. Токомбаев көчөсүнө чейин жана А. Токомбаев көчөсүнөн Жетикашкаева көчөсүнө чейин жайгашкан светофор объекттери).
Ошол учурда мурдагы транспорт департаментинин директору Улан Уезбаев жана "Жол-транспорттук инфраструктура муниципалдык ишканасы" ишканасынын мурдагы директору Ренат Султамамытов кармалган.