Кыргызстанда былтыр 1 миң 359 кызматтык жана коррупциялык кылмыштар козголду

Кыргызстанда былтыр  1 миң 359 кызматтык жана коррупциялык кылмыштар  козголду

2025-жылы укук коргоо органдары кызматтык жана коррупциялык кылмыштар боюнча 1 миң 359 кылмыш ишин козгогонун Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери, укуктук тартип, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияга каршы комитетинин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев билдирген.

Анын айтымында, бул категориядагы иштер боюнча (мурдагы жылдарды кошкондо) 1 миң 710 иштин тергөөсү аяктап, алардын ичинен:

  • 1 миң 330 иш сотко жиберилген;
  • 380 иш токтотулган.

Өткөн жылы коррупцияга каршы мыйзамдарды бузуу боюнча 7 миң 816 учур аныкталып, 4 миң 949 прокурордук реакция актылары ишке киргизилген.

Анын натыйжасында:

  • 1 миң 304 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган;
  • 2 миң 930 кызмат адам административдик жоопкерчиликке тартылып, айып пул салынган;
  • мамлекетке жалпы 6 миллиард 460 миллион сом өлчөмүндө чыгым жабылган.

Башкы прокурор белгилегендей, 2024-жылы 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегия бекитилип, Башкы прокуратура коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган деп белгиленген.

Анын айтымында, 2025-жылы коррупцияны алдын алуу системалары жана институттарын түзүү боюнча даярдык иштер жүргүзүлгөн, анын натыйжалары быйылдан баштап көрүнө баштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Брюссель соту "Бакай Банкка" коюлган айыптоолорду негизсиз деп тапты

Брюссель соту "Бакай Банкка" коюлган айыптоолорду негизсиз деп тапты

Кыргызстандык банктын күмөндүү операцияларга тиешеси бар деген айыптоолор негизсиз деп табылды. Мындай чечимди жакында Брюссель шаарындагы сот кабыл алганбыгын КРнын Президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жеке баракчасында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылы «Ачык диалог фонду» (ODF) өз сайтында жарыялаган макалаларында «Бакай Банкты» Россияга карата санкцияларды айланып өтүүгө катышкан деп айыптап,

УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине 386 арыз түшкөн

УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине 386 арыз түшкөн

Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери, укуктук тартип, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияга каршы комитетинин жыйынында УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча 386 арыз түшкөнүн билдирди. Ал бул тууралуу депутат Нурбек Сыдыгалиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Депутат ишкерлер УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине, тактап айтканда, мүлктү күч менен тартып алуу фактыларына

Өзбекстанда саатына 260 км ылдамдыкта жүрө турган ылдам поезд ишке киргизилет

Өзбекстанда саатына 260 км ылдамдыкта жүрө турган ылдам поезд ишке киргизилет

2026-жылдын 2-майынан тарта Өзбекстанда Ташкент–Хива багыты боюнча “Жалолиддин Мангуберди” аттуу жаңы ылдам жүрүүчү поезд каттай баштайт. Бул долбоор өлкөдө заманбап темир жол каттамдарын кеңейтүүдөгү маанилүү кадам катары бааланууда. Өзбекстандын туристтик биримдигинен маалымдагандай, жаңы поезд Түштүк Кореянын Hyundai Rotem компаниясы тарабынан чыгарылып, саатына 260 чакырымга чейин ылдамдыкта жүрө алат. Курамында

Араванда 74 млн сомго жаңы мектеп курулуп бүттү

Араванда 74 млн сомго жаңы мектеп курулуп бүттү

Ош облусунун Араван районунун Гүлбаар айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу толук аяктап, жакын арада пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 74 миллион сомду түзгөн. Буга чейин айылда иштеп келген мектеп 1980-жылы ашар жолу менен административдик имарат катары