Бишкекте 280 орундуу бала бакча капиталдык оңдоодон өтүүдө
Бишкек шаарынын Коммунаров көчөсү, 93 дарегинде жайгашкан 280 орунга ылайыкталган бала бакчаны капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Имараттын жалпы аянты 2304,8 чарчы метрди түзсө, жер тилкесинин аянты 0,79 гектарды түзөт. Эки кабаттан турган бала бакча заманбап талаптарга ылайык жаңыланып жатат.
Долбоорго ылайык, биринчи кабатта 6 топ үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, буфет, кир жуучу жана үтүктөө бөлмөлөрү, санитардык түйүндөр, кызматкерлер үчүн бөлмө, медициналык кабинет, ашкана, техникалык жайлар жана кампалар жайгашкан.
Ал эми экинчи кабатта дагы 6 топ үчүн уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, жетекчинин кабинети, ошондой эле музыкалык жана гимнастикалык сабактар үчүн өзүнчө залдар каралган. Мындан тышкары, айланасында 12 оюн аянтчасын куруу пландалууда.
Учурда аймакты көрктөндүрүү, оюн аянтчаларын куруу жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Имараттын чатыры жабылып, айланасы тосулуп, фасаддык иштер толугу менен аяктады.
Курулуш иштерин "Эйти Эмпайр" жоопкерчилиги чектелген коому аткарууда.

