Манас шаарында 375 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Манас шаарында 6 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Алардын бири Көк-Арт муниципалдык аймактык башкаруусуна караштуу Ак-Тилек кичи шаарчасында 375 орунга ылайыкталган мектеп болуп саналат.
Долбоорго ылайык, мектептин имаратынын жалпы аянты 4200 чарчы метрди түзүп, А, Б, В, Г блоктордон турат. Курулуш-монтаждоо иштеринин бардык этаптары тиешелүү талаптарга ылайык текшерилип, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.
Мектеп заманбап талаптарга ылайык курулуп, анда окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, эмгек кабинеттери, жыйындар залы жана толук жабдылган спорт залы каралган.
Учурда имараттын экинчи кабатына опалубка жана арматура орнотуу иштери аткарылууда. Курулуш аянтында 60 жумушчу эмгектенүүдө.
Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин аймактагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга өбөлгө түзөт.


