Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?
Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан тышкары, эхинококкозго каршы дары-дармектер да акысыз берилет. Бирок эмдөө иштерин жүргүзгөн ветеринардык кызматкерлердин акысы мал ээлери тарабынан төлөнөт.
Ал эми айрым ооруларга каршы вакциналарды мал ээлери өз эсебинен алышат. Алардын катарына лептоспироз, пастереллез, нодулярдык дерматит, карасан (эмкар), брадзот, эчкилердин плевропневмониясы, жылкылардын ринопневмониясы, чочколордун кыргыны жана рожа оорулары кирет.
Ошондой эле үй канаттууларына Ла-Сота, Чума Н, марек ооруларына каршы вакциналар, иттердин чумкасына каршы каражаттар, жаныбарлардын эктопаразиттерине жана мите курттарына каршы дары-дармектер да мал ээлери тарабынан сатылып алынат.