Таластагы медколледжде “өлүк жандар” схемасы ачыкталды
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн пландык текшерүүнүн жыйынтыгында Талас шаарындагы медициналык колледжде ишенип берилген мүлктү ысырап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2012-жылдан 2026-жылдын мартына чейин бир жаран расмий түрдө жумушка кабыл алынганы менен, иш жүзүндө эмгек милдеттерин аткарган эмес. Ошого карабастан, ага жалган табелдердин негизинде үзгүлтүксүз айлык маяна төлөнүп турган.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210 – беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголду. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке келтирилген зыян 1 млн 492 миң 335 сомду түзгөн.
Учурда окуя боюнча тиешелүү оперативдүү-тергөө иштери уланууда.