Эмгек министрлиги: Россияда кыргызстандыктарга 121 млн рубль айлык өндүрүлдү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү мигранттардын укуктарын коргоо жана аларга көмөк көрсөтүү багытында ишин улантууда. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын ноябрынан 2026-жылдын март айына чейин өкүлчүлүк Россияда иштеген 1 643 кыргызстандыкка жалпы суммасы 121 млн 299 миң 200 рубль болгон төлөнбөй калган эмгек акыларын өндүрүп алууга көмөктөштү.
Мындан тышкары, өндүрүштүк жаракатка байланыштуу 27 жаранга 27 млн 772 миң рубль өлчөмүндө компенсация өндүрүүгө жардам берилген.
Ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо максатында 3 711 кайрылуу каралып, Москва шаарынын жана Москва облусунун тиешелүү мамлекеттик органдарына 1 291 жолу чыгуу иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Мындан сырткары, өкүлчүлүк тарабынан 59 миңден ашуун жаранга миграция мыйзамдары жана башка маселелер боюнча юридикалык кеңештер берилип, укуктук жардам көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, өкүлчүлүк кыргызстандыктардын Россияда мыйзамдуу жүрүүсүн камсыз кылуу үчүн түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүп келет.