Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда
Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы жеке ишкер Гулайым Добутованын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Ишкер курма кургатуу, өрүк майын өндүрүү жана өрүк как даярдоо багытында иш алып барууда. Анын даярдаган продукциялары, анын ичинде курма кагы өлкө боюнча сатылууда.
Аталган ишти өнүктүрүү максатында донорлор тарабынан 2 миллион сом көлөмүндө каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, Өнүктүрүү фондунан дагы 300 миң сом бөлүнгөн.
Учурда ишкер өндүрүштү кеңейтүү жана продукциянын көлөмүн көбөйтүү багытында иштерди улантууда.