"Кристалл" заводу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселеси КРнын ӨКМ менен "Росатом" мамкорпорациясы тарабынан талкууланды
Бишкек шаарында “Росатом” мамлекеттик корпорациясы жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биргелешип, “Кристалл” заводуна тийиштүү долбоорду ишке ашыруу боюнча жумушчу жолугушуу өткөрүштү. Анын алкагында технологиялык чечимдер жана тазалоо ишчаралары талкууланды, ошондой эле “Росатомдун” ушул сыяктуу долбоорлордогу топтолгон тажрыйбасын эске алуу менен, “Кристалл” заводунун аймагында топтолгон химиялык заттарды иштетүүнүн оптималдуу ыкмалары сунушталды.
Коркунучтуу заттарды нейтралдаштыруунун сунушталган ыкмалары 8-апрелде өткөн жумушчу жолугушууда жана аткарылган ишти координациялоо, көзөмөлдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынында КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан да колдоого алынды.
Биринчи этапта заводдун аймагында жайгашкан технологиялык жабдуулар коопсуз экологиялык абалга келтирилет. Ишти суук мезгилде гана жүргүзүү, ошондой эле резервуарларды ачкандан кийин, аларды азот капкакчаларынын астына койгондо абаны киргизбестен газ аралашмасын алып салуу, иштин коопсуздугун камсыз кылат жана компоненттердин атмосферага чыгышынын мүмкүн болгон тобокелдиктерин алдын алат. Мындан тышкары, бул чечимге “Росатом” тарабынан салттуу түрдө колдонулуп келген эшелондоо ыкмасы киргизилди. Эми аварияга каршы эки катмарлуу коргоо системасы түзүлүп, көз карандысыз экологиялык көзөмөл камсыздалат.
2026-жылдын аягына чейин “Росатом” жабдуулардын абалын турукташтырат жана кооптуу заттар менен иштөө үчүн коопсуз шарттарды түзүп, мүмкүн болгон потенциалдуу агып кетүүлөрдү жана көзөмөлсүз чыгаруулардын тобокелдигин жок кылат.
"“Кристалл” заводундагы кырдаал экологиялык жактан караганда татаал бойдон калууда жана ага карата комплекстүү чечимдер талап кылынат. Биздин биринчи максатыбыз - Таш-Көмүр шаарынын тургундарынын ден соолугуна келтирилиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди жок кылып, аймактагы өзгөчө кырдаалды алып салуу болуп саналат. Бул маселени чечүү үчүн “Росатом” мамкорпорациясынын потенциалдуу эксперттик тажрыйбасы тартылды. Бул кызматташтыктын алкагында технологиялык стратегия аныкталды, анын негизинде коркунучтар белгиленген мөөнөттө жок кылынып, аймакты коопсуз абалга кайтарууга мүмкүндүк түзүлөт. Биздин негизги тапшырма – аймактын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу”, - деп белгиледи КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев.
“Таш-Көмүрдөгү тапшырманы чечүү үчүн “Росатом” мамкорпорациясынын туунду компаниясы болгон “Федералдык экологиялык оператор” федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын (“ФЭО” ФМУИ) адистери 8 түрдүү зыянсыздандыруунун технологияларын сынап көрүшүп, эң натыйжалуу жана эң коопсуз чечимди тандашты. “Росатомдун” татаал экологиялык мурасты жок кылуудагы кеңири тажрыйбасы, биздин ишибиздин ишенимдүүлүгүн кепилдөөгө мүмкүндүк берет. Биз аварияга каршы коргонуунун кош контурун курабыз жана ар бир этапта көз карандысыз мониторингди камсыз кылабыз. Мен далилденген технологиялык процедураларды колдонуу бизге объектини мүмкүн болушунча тезирээк коопсуз абалга кайтарууга жана экологиялык тобокелдиктерди толугу менен жок кылууга мүмкүндүк берет деп ишенем", - деп белгиледи, “Росатом” мамкорпорациясынын экология тармагындагы мамлекеттик жана тармактык программаларды ишке ашыруу департаментинин директору Андрей Лебедев.
Биринчи этап аяктагандан кийин, 2027-жылы “Росатом” экинчи этапка үзгүлтүксүз өтүүнү камсыздамакчы. Сунушталган 8 потенциалдуу зыянсыздандыруу технологиясынын ичинен, завод мурда колдонгонго окшош, кооптуу заттарды жеринде нейтралдаштыруу боюнча артыкчылыктуу чечим тандалып алынды. Сунушталган нейтралдаштыруунун технологиялык регламенти азыркы учурда Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы тарабынан каралууда.
МААЛЫМАТ ҮЧҮН
2024-жылдын октябрь айында “Росатом” мамкорпорациясынын туунду компаниясы “ФЭО” ФМУИ бул аймакка техникалык аудит жүргүзгөн. Бул аудит сактоочу резервуарлардын учурдагы абалынын жарактан чыккан даражасын аныктаган (4 цехтин имаратында трихлорсилан жана кремний тетрахлоридин кошкондо 155 тонна кооптуу химиялык калдыктардын бар экендиги же болушу ыктымалдыгы жогору болгон 49 резервуар жайгашкан) жана учурдагы кемчиликтерин, объекттин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалаган. Федералдык экологиялык оператордун адистеринин баамында, узак убакыт бою иштебегендиктен, технологиялык резервуарлар эскирүү жана жыртылуу абалына келген. Бул алардын бузулуу жана герметикалык эмес, ачылып калуу коркунучун жаратат. Мындан тышкары, учурда өндүрүш цехтеринде абага таасири кооптуу жана уулуу кошулмаларды пайда кыла турган хлор камтыган заттардын калдыктары калууда.
Ошондой эле, КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кооптуу калдыктарды башкаруу жана топтолгон экологиялык зыянды жок кылуу боюнча кызматташуу концепциясынын 2024-2029-жылдарга карата артыкчылыктуу иш-аракеттер планын аткаруу максатында, “ФЭО” ФМУИнун КРда 1-3-кооптуулук классындагы калдыктарды (мисалы, жараксыз пестициддерди) убактылуу көмүү (сактоо) үчүн эл аралык экологиялык стандарттарга жооп берген атайын полигон түзүү сунушу иштелип чыгууда.
“Росатомдун” экологиялык блогу атомдук өнөр жайдын экологиялык коопсуздугун, калктын экологиялык бакыбаттуулугун жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт. Блоктун ишканаларынын ишмердүүлүгүнө төмөнкүлөр да кирет: кооптуу өнөр жай калдыктарын башкаруу (коопсуз сактоо, кайра иштетүү жана жок кылуу); айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү; булганган аймактарды калыбына келтирүү жана экосистеманы калыбына келтирүү. Ошондой эле бул блок “Экологиялык бакубаттуулук” улуттук долбоорунун алкагында, кайра иштетүүчү жайларды түзүүнү жана калдыктарды башкаруу процессин көзөмөлдөө үчүн санариптик куралдарды ишке ашырууну камтыган I - II кооптуулук класстарындагы өнөр жай калдыктарын башкаруунун улуттук системасын иштеп чыгууда.