Бишкек мэри шаардагы бир катар курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы бир катар курулуш объектилерин текшерди

Бишкек шаарында көчмө жыйындын алкагында калаа башчысы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын аймагындагы демонтаж иштерин көрүп чыкты. Бул жерде жаңы бассейн куруу пландалууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Текшерүүдө имараттын абалы каралып, аныкталган көйгөйлөр боюнча тапшырмалар берилди. Мэр реконструкция Спорт сарайы жана "Жаштык" аренасынын архитектурасына шайкеш болушу керектигин белгилеп, мурда өнүккөн спорт түрлөрү үчүн шарттарды сактоо зарылдыгын айтты.

Учурда объектте демонтаж иштери жүрүп, ага атайын техникалар тартылган. Иштерди шаардык мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө.

Адистер эски бассейнди калыбына келтирүү мүмкүн эмес деген жыйынтык чыгарышкан. Ошондуктан анын ордуна жаңы объект куруу чечими кабыл алынган.

Ошондой эле мэр "Манас" аэропортуна бара турган альтернативдүү жолдун курулушун текшерди. Узундугу 1,5 чакырым болгон жолдо төрт тилке, тротуарлар жана унаа токтотуучу жайлар каралган.

Калаа башчысы иштерди тездетүүнү жана коопсуздукту камсыз кылууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу