Статком: Кыргызстанда пенсия курагындагылардын 66,9%ын аялдар түзөт

Статком: Кыргызстанда пенсия курагындагылардын 66,9%ын аялдар түзөт

Бүгүн Улуттук статистика комитети өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы боюнча кезектеги маалымат жыйынын өткөрдү. Анда 2026-жылдын январь-март айларындагы жыйынтыктар жана демографиялык кырдаал тууралуу маалымат берилди.

Өлкөнүн демографиялык көрсөткүчтөрү боюнча баяндаманы Улутстаткомдун демография бөлүмүнүн башчысы Жанаргүл Маматкулова сунуштады.

Анын айтымында, 2026-жылдын башына карата калктын 33,1%ын эмгекке жарамдуу жашка чейинкилер, 56,9%ын эмгекке жарамдуу курактагылар, ал эми 10%ын эмгекке жарамдуу курактан улуулар түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу эмгекке жарамдуу жана улуу курактагы жарандардын саны көбөйүп, жаш балдардын үлүшү бир аз азайганы белгиленди.

Мындан тышкары, улуу курактагы калктын саны жыл сайын өсүп жатканы айтылып, бул курактык топтогулардын 66,9%ын аялдар түзөрү маалымдалды.

Маалымат жыйында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү да талкууланды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Балыкчыда 2,2 млрд сомдук долбоорлор ишке ашууда

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет