Россияда рейддерден кийин 6 миңдей мигрант сыртка чыгарылат

Россияда рейддерден кийин 6 миңдей мигрант сыртка чыгарылат

Россияда март айында мыйзамсыз миграцияга каршы жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгында өлкөдөн болжол менен 6 миң чет элдик жаранды чыгаруу чечими кабыл алынганганын Россия Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк өзүнүн Telegram-каналында билдирген.

Мындан тышкары, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында дээрлик миңге жакын кылмыш иши козголгон. Рейддер учурунда 138 издөөдө жүргөн адам аныкталган. Дагы 7,7 миң чет элдик жаранга Россияга кирүүгө тыюу салуу чечими кабыл алынган.
Ошондой эле 48 миң административдик укук бузуу катталган. Жоопкерчиликке 26 миңден ашык мигрант тартылган, алардын 24 миңи милдеттүү дактилоскопия жана сүрөткө тартуу процедурасынан өткөн.

Волктун айтымында, март айындагы рейддер өлкө боюнча өткөрүлүп, иш-чараларга ИИМ жана Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү катышып, ал эми күч органдары тарабынан Россиянын Улуттук гвардия аскерлеринин федералдык кызматы (РФУГАФК) колдоо көрсөткөн.

Бул жолу өзгөчө көңүл транспорттук инфраструктура объекттерин текшерүүгө бурулган. Ошондой эле рейддер базарларды, кампаларды, өндүрүш аймактарын жана чет элдик жарандар жашаган жерлерди да камтыган. Жалпысынан укук коргоо органдары 130 миңден ашык объектти текшеришкен.

Рейддерге болжол менен 60 миң полиция кызматкери тартылган. Натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн учкучсуз учуучу аппараттар жана башка заманбап техникалык каражаттар колдонулган.

Белгиленгендей, ИИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылы Россиядан 72 миң чет элдик жаран чыгарылган.
Мындан улам бул сан дагы өсүшү мүмкүн, себеби Мамлекеттик Думанын депутаттары депортацияга негиз болгон себептердин тизмесин 22ден 43кө чейин кеңейтүүнү пландаштырууда.

Атап айтканда, чыгаруу себептерине коомдук тартипти бузуу, полиция же РФУГАФК талаптарына баш ийбөө, инфраструктура жана транспорттун ишине тоскоолдук кылуу сыяктуу учурлар киргизилиши мүмкүн.

Ошондой эле интернетте “коомдук адеп-ахлакты кемсинткен” материалдарды таратуу жана Россия армиясын “каралоо” же РФга каршы санкция киргизүүгө чакырык жасоо сыяктуу аракеттер да тизмеге кошулушу мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media