Мамлекеттик ооруканаларда дарыгерлердин саны жылдан жылга азайып бара жатат

Мамлекеттик ооруканаларда дарыгерлердин саны жылдан жылга азайып бара жатат

Кыргызстанда жумуштан кеткен медицина кызматкерлеринин саны жыл сайын өсүп жатканы бүгүн саламаттык сактоо тармагындагы эмгек рыногун талдоо боюнча презентацияда айтылды.

Адистердин маалыматы боюнча, 2022-жылы саламаттык сактоо уюмдарынан болжол менен 1,5 миң дарыгер кеткен (анын ичинде 70и өлкөдөн тышкары). 2023-жылы жумуштан кеткен дарыгерлердин саны 2,1 миңге жеткен (анын ичинде 58и чет өлкөгө кеткен). Ал эми 2024-жылы жумуштан кеткен дарыгерлердин саны 2,4 миңден ашкан.

Акыркы үч жылда мамлекеттик медициналык мекемелерден кеткен медайымдардын, акушерлердин жана фельдшерлердин саны да өсүүдө.

Буга чейин республика боюнча 6 миң 338 дарыгер жана 7 миң 880 орто медициналык кызматкер жетишсиз экени айтылган. Айрыкча үй-бүлөлүк дарыгерлерге, терапевттерге, педиатрларга, анестезиолог-реаниматологдорго жана акушер-гинекологдорго муктаждык жогору. Кадрлардын жетишсиздигинин негизги себептери — мамлекеттик ооруканалардагы айлык маянанын төмөндүгү жана жүктөмдүн көптүгү.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media