Тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча форум өттү

Тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча форум өттү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Жаңы реалдуулуктагы лидерлик стратегия” аттуу тоо-кен тармагынын форумуна катышты.  

Форумдун максаты – глобалдык экономикалык трансформация шартында тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган практикалык жана стратегиялык чечимдерди иштеп чыгуу болду.

Эрлист Акунбеков, бүгүнкү күндө тоо-кен тармагы өлкө экономикасында негизги орунду ээлеп, ал экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы, экспорттук кирешелердин олуттуу бөлүгүн камсыздайт жана мамлекеттик бюджетти толтуруунун маанилүү булагы экенин белгиледи. 

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар жаратылыш ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, эл аралык экологиялык стандарттарды киргизүү, казып алуу өнөр жайында технологиялык жана санариптик чечимдерди өнүктүрүү, ошондой эле 2035-жылга чейин тоо-кен тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн бирдиктүү стратегиясын түзүү маселелерин кеңири талкуулашты. Мындан тышкары тармактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана минералдык-сырьёлук базаны рационалдуу пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media