Бишкек акыр-чикирден тазаланды

Бишкек акыр-чикирден тазаланды

Бишкек шаарынын мэриясы калаада эки күндө 2 963 тоннадан ашык таштанды чыгарылганын билдирди.

Маалымдалгандай, "Тазалык" муниципалдык ишканасы күнүмдүк тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн 115 атайын техниканы ишке тарткан. Мындан тышкары, ири көлөмдөгү таштандыларды чогултуу жана чыгаруу иштерине кошумча дагы 31 атайын техника иш алып барган.

Борбор калаанын төрт районунда тең эски эмеректерди, керексиз ири көлөмдөгү буюмдарды, түшкөн жалбырактарды жана кыйылган бак-дарактардын бутактарын чогултуу жана чыгаруу иштери жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, Бишкекте 20–21-ноябрь күндөрү таштандыларды массалык түрдө чыгаруу акция өткөн.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

"Сулайман-Тоодо" реконструкциялоо иштери башталды

Чоң Чүй каналынын жээктерин бекемдөө иштери жүрүүдө

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды