Мыйзам талаптарына туура келбеген жарнама такталар алынды

Мыйзам талаптарына туура келбеген жарнама такталар алынды

Бишкекте жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тиешелүү кызматтар менен биргеликте рейд өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамын аткаруу максатында, 25-26-апрелде Бишкектин райондорунда тышкы жарнамаларды, аталыштарды жана башка визуалдык маалымат такталарды жөнгө салуу боюнча рейддер өткөрүлүүдө.

Рейддин алкагында мамлекеттик тил мыйзамдарына жана бекитилген дизайн-кодко жооп бербеген жарнамалык белгилерди жана маалымат конструкцияларын аныктоо жана алып салуу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды оңдоо боюнча чаралар көрүлдү.

Натыйжада, Свердлов районундагы төмөнкү жерлердеги белгилер алынып салынды:

1. “Ред Сан” кафеси - Сүйүмбаев көчөсү, 14;

2. “МР Хого” кафеси - Сүйүмбаев көчөсү, 41;

3. “Лулан” кафеси — Москва көчөсү, 15;

4. “Сфера” кафеси — Чуй проспектиси, 117;

5. “1919” кафеси — Осмонкул көчөсү, 123/1;

6. “Хого” дүкөнү — Курманжан Датка көчөсү, 91.

Биринчи Май районунда: беш кафенин белгилерин кошо алганда, 17 жарнамалык конструкция демонтаждалган. Мындан тышкары, эскертүүлөр берилип, латын тамгалары менен жазылган 10 ишканага түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле Байтик Баатыр көчөсү, 19 дарегине Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 107-беренесинин 3-бөлүгү боюнча протокол түзүлгөн.

Текшерүүлөр төмөнкү жерлерде жүргүзүлдү: “Ариран”, “Людмила”, “Хого1”, “Хого2”, “Девелопмент Дом Бишкек”  ЖЧКсы, “Балык по гунфу” жана башка жерлерде. Октябрь районундагы жалпысынан 23 мүлк текшерүүлөргө киргизилген.

Ленин районунда комиссия менен биргеликте кафе жана ресторандарына текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында мекеме ээлерине менюларды (тамак аш тизмесин) белгиленген талаптарга ылайык келтирүү, ошондой эле кытай тилинде жазылган аталыштарды өзгөртүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media