Бишкекте муниципалдык кызматтарга жаңы техника тапшырылды

Бишкекте муниципалдык кызматтарга жаңы техника тапшырылды

Бүгүн Бишкек шаарынын күнүн белгилөөнүн алкагында мэриянын алдында муниципалдык түзүмдөргө жаңы кызматтык техникаларды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, иш-чарада шаар мэри Айбек Джунушалиев 11 даана Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү кызматтык автоунаанын ачкычтарын тапшырып, ошондой эле шаардык кызматтардын мобилдүүлүгүн жогорулатуу максатында 10 заманбап электровелосипедди берди.

Мэр борбор калаанын тургундарын майрам менен куттуктап, шаардык кызматтардын сапаттуу жана ыкчам иштөөсүн камсыз кылуу үчүн материалдык-техникалык базаны жаңылоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жаңы автоунаалар бир катар шаардык департаменттерге жана муниципалдык ишканаларга бөлүштүрүлдү. Ал эми электровелосипеддер муниципалдык инспекциянын ишин чыңдоого багытталды.

Мындан тышкары, борбор калаада фонтан сезону ачылып, реконструкциядан өткөн мэриянын алдындагы фонтан кайра ишке кирди.

Берилген техникалар шаардык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, иштин ыкчамдуулугун арттырууга жана шаар инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта болгон сел ички чарба жолдорду жууп кетти

Таласта болгон сел ички чарба жолдорду жууп кетти

18-июнда Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагындагы Кара-Ой айылында тоолорго жааган катуу жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 2 сарайдын короосун каптап, ички чарба жолдорун жууп кеткен. ӨКМДин маалыматына ылайык, 19-июнда жүргүзүлгөн тактоо иштеринде материалдык зыян жок экени аныкталып, селден жабыркаган жол тилкелери жана 300 метр ички арыктар атайын

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктар үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүү боюнча ишин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы менен биргеликте “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акысын төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.  Төлөм

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши автоунаа кыймылы үчүн ачылды. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол чийиндери аба ырайы жакшыргандан кийин түшүрүлөрүн эскертти. Учурда аталган кесилиште бардык жол белгилери орнотулган. Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын бардык катышуучуларын ылдамдыкты сактоого, убактылуу жол белгилеринин талаптарын так аткарууга чакырат. Кыргызстандын экономика,

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммельди кабыл алды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, тараптар эки өлкөнүн ортосунда экономика, инвестициялар жана бизнес-форумдарды өткөрүү сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле МинКаб башчысы жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман ишкердик кеңешинин алкагындагы кызматташтык