Чүйдө 1 250 гектардан зыянкеч чегиртке аныкталып, чара көрүлө баштады

Чүйдө 1 250 гектардан зыянкеч чегиртке аныкталып, чара көрүлө баштады

Чүй облусунда зыянкеч чегирткелерге каршы изилдөө-мониторинг иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, адистер жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Панфилов районунун Фрунзе, Курама жана Орто-Кайыңды айыл аймактарында, ошондой эле Сокулук районунун Төмөнкү Чүй айыл аймагындагы жайыттарда текшерүү иштерин жүргүзүштү.

Жыйынтыгында, облус боюнча 2610 гектар жер изилденип, анын 1250 гектарында зыянкеч чегирткелер аныкталды. Тиешелүү актылар түзүлүп, жакынкы күндөрү химиялык иштетүү иштери башталары белгиленди.

Учурда адистер тарабынан изилдөө жана зыянкечтерге каршы күрөшүү чаралары өз убагында жана ыкчам жүргүзүлүүдө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты