Н.Орунтаев Таластагы жаңы сейил бактын курулуш иштерин текшерди

Н.Орунтаев Таластагы жаңы сейил бактын курулуш иштерин текшерди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарында курулуп жаткан жаңы борбордук аллеянын курулушу менен таанышты.

Министрликтен билдиргендей, долбоор шаарды көрктөндүрүүгө жана тургундар үчүн заманбап эс алуу шарттарын түзүүгө багытталган. Учурда курулуш иштери белгиленген графикке ылайык активдүү жүрүүдө.

Долбоорго ылайык, аллеяда эс алуу зоналары, соода түйүндөрү, гүлдөрдүн галереялары, отургучтар жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу жолдор каралган. Ошондой эле эне жана бала үчүн атайын бөлмөлөр уюштурулат.

Мындан тышкары, аймакты жарыктандыруу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери комплекстүү түрдө жүргүзүлөт. Объект пайдаланууга берилгенден кийин шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап коомдук мейкиндик түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү

Улуттук банк Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү

9-сентябрда Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Лейлек районунун жана Раззаков шаарынын тургундары үчүн "Финансылык сабаттуулук" боюнча көчмө лекция өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле

Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын айтышы башталды

Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын айтышы башталды

Таласта Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаралар "Манас Ордо" улуттук комплексинде төкмө акындардын өнөр таймашы менен башталды. Иш-чарада 16 төкмө акын өз өнөрүн тартуулап, Талас өрөөнүнүн тургундарына жана аймакка келген конокторго чыгармачылыгын сунушташты. Төкмө акындардын таймашынын жалпы байге фонду 3 млн сомду түзөт. Мааракелик иш-чаралардын

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

DemirBank'та "Өз пайыздык чениңди танда" акциясы уланууда, ал кардарларга онлайн-насыянын чендерин өздөрү аныктоого мүмкүндүк берет. 2026-жылдын 31-октябрына чейин банктын мобилдик тиркемеси аркылуу өтүнмө бергенде, кардар жылына 0% дан 19,99% га чейинки ченди тандай алат. Тиркемеде ченди тандагандан кийин, анын жактыруу ыктымалдыгы көрсөтүлөт.

Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү чет өлкөлүк жарандарга сатууда жер тилкесин тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Улугбек Ормонов иштеп чыгышкан. Документ коомдук талкууга чыгарылды.  Долбоорго ылайык, чет өлкөлүк жаранга имарат, үй же башка кыймылсыз мүлк сатылган учурда, анын алдындагы жер тилкеси сатуучу тарабынан акысыз