Ош шаарында 1200 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Ош шаарында 1200 орундуу заманбап мектеп курулуп жатат

Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы 1200 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Башкы планга ылайык, мектеп 5 блоктон турган 4 кабаттуу имарат болуп салынат. Жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, эмгек класстары, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, жыйындар залы жана бардык шарттары менен спорт залы каралган. Мындан сырткары, мектептин айланасында футбол, волейбол жана баскетбол үчүн атайын аянтчалар курулуп, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Учурда иштеп жаткан мектеп 1964-жылы курулуп, эскилиги жеткен. Бүгүнкү күндө анда 2000ге жакын окуучу билим алып, орун жетишсиздиги жаралууда.

Эске салсак, бул мектептин курулушун баштоого өлкө башчы Садыр Жапаров өзү катышып, мезгил кутучасын салган.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү

Улуттук банк Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрдү

9-сентябрда Улуттук банктын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Лейлек районунун жана Раззаков шаарынын тургундары үчүн "Финансылык сабаттуулук" боюнча көчмө лекция өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле

Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын айтышы башталды

Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын айтышы башталды

Таласта Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаралар "Манас Ордо" улуттук комплексинде төкмө акындардын өнөр таймашы менен башталды. Иш-чарада 16 төкмө акын өз өнөрүн тартуулап, Талас өрөөнүнүн тургундарына жана аймакка келген конокторго чыгармачылыгын сунушташты. Төкмө акындардын таймашынын жалпы байге фонду 3 млн сомду түзөт. Мааракелик иш-чаралардын

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

DemirBank'та "Өз пайыздык чениңди танда" акциясы уланууда, ал кардарларга онлайн-насыянын чендерин өздөрү аныктоого мүмкүндүк берет. 2026-жылдын 31-октябрына чейин банктын мобилдик тиркемеси аркылуу өтүнмө бергенде, кардар жылына 0% дан 19,99% га чейинки ченди тандай алат. Тиркемеде ченди тандагандан кийин, анын жактыруу ыктымалдыгы көрсөтүлөт.

Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү чет өлкөлүк жарандарга сатууда жер тилкесин тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Улугбек Ормонов иштеп чыгышкан. Документ коомдук талкууга чыгарылды.  Долбоорго ылайык, чет өлкөлүк жаранга имарат, үй же башка кыймылсыз мүлк сатылган учурда, анын алдындагы жер тилкеси сатуучу тарабынан акысыз