Ошто чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жаңы имараты ачылды

Ошто чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун жаңы имараты ачылды

Ош шаарында жарандарды чет өлкөдө ишке орноштурууга көмөктөшүүчү борбордун жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы имарат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен ачылды.

Борбор жарандарды мыйзамдуу жана коопсуз түрдө чет өлкөдө ишке орноштурууга багытталган. Анда маалыматтык-кеңеш берүү, керектүү документтерди даярдоо жана коштоо кызматтары көрсөтүлөт.

Адистер белгилегендей, мындай шарттар жарандардын укуктарын коргоого, мыйзамсыз миграциянын алдын алууга жана алардын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, борбордун ачылышы калкты жумуш менен камсыздоону жакшыртууга жана тышкы эмгек миграциясын жөнгө салууга багытталган мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

DemirBank'та "Өз пайыздык чениңди танда" акциясы уланууда, ал кардарларга онлайн-насыянын чендерин өздөрү аныктоого мүмкүндүк берет. 2026-жылдын 31-октябрына чейин банктын мобилдик тиркемеси аркылуу өтүнмө бергенде, кардар жылына 0% дан 19,99% га чейинки ченди тандай алат. Тиркемеде ченди тандагандан кийин, анын жактыруу ыктымалдыгы көрсөтүлөт.

Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү чет өлкөлүк жарандарга сатууда жер тилкесин тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Улугбек Ормонов иштеп чыгышкан. Документ коомдук талкууга чыгарылды.  Долбоорго ылайык, чет өлкөлүк жаранга имарат, үй же башка кыймылсыз мүлк сатылган учурда, анын алдындагы жер тилкеси сатуучу тарабынан акысыз

Бишкектин сүрөттөрү Чхонджуда өткөн эл аралык көргөзмөгө коюлду

Бишкектин сүрөттөрү Чхонджуда өткөн эл аралык көргөзмөгө коюлду

Түштүк Кореянын Чхонджу шаарында боордош жана өнөктөш шаарлардын «2026 Cheongju Sister and Friendship Cities Photo Exhibition» аттуу фотокөргөзмөсү өтүп жатат. Ага Бишкек шаары да катышууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, көргөзмөгө жети өлкөнүн — Кыргызстан, АКШ, Япония, Кытай, Россия, Вьетнам жана Польшанын 13 шаарынан жалпы 26 сүрөт коюлган.

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгында коомдук коопсуздук камсыз кылынат

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгында коомдук коопсуздук камсыз кылынат

Талас облусунун ички иштер башкармалыгында 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча кеңешме болуп өттү. Ага Ички иштер министринин орун басарлары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбековдор катышышты. Кеңешменин жүрүшүндө Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо, курулуш объектеринин ачылыш аземдери учурунда коомдук