Жалал-Абадда 126 миң адам таза суу менен камсыздалат

Жалал-Абадда 126 миң адам таза суу менен камсыздалат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбеков Корея Республикасына болгон иш сапарынын алкагында SAMAN компаниясы жана Korea Environmental Industry & Technology Institute (KEITI) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстанда калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси талкууланып, анын актуалдуулугу белгиленди.

Тараптар Жалал-Абад облусундагы 35 калктуу конушту, анын ичинде Шамалды-Сай жана Кочкор-Ата шаарларын таза суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча башкы планды ишке ашырууну карашты. Долбоор 126 миңден ашуун адамды камтыйт.

Анын алкагында суу алуу жайларын, насос станцияларын, резервуарларды жана магистралдык түтүктөрдү камтыган заманбап суу инфраструктурасын куруу пландалууда.

Ошондой эле SAMAN компаниясынын Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачуу маселеси талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну кеңейтүүгө жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты