Өндүрүш жанданып жатат: Быйыл кайсы ишканалар ачылат?

Өндүрүш жанданып жатат: Быйыл кайсы ишканалар ачылат?

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаевдин төрагалыгы алдында быйылкы жылы ачылышы пландалган өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө долбоорлордун ишке ашырылышынын учурдагы абалы талкууланып, өндүрүштүк аянттарды даярдоо, инфраструктура менен камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик колдоо чаралары каралды. Мындан тышкары, ишканаларды өз убагында ишке киргизүү боюнча негизги маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Маалымат үчүн, "100 өнөр жай ишканасы – 2026" долбоору Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиевдин 2026-жылдын 19-февралындагы тапшырмасынын негизинде бекитилген.

Аталган долбоордун алкагында быйыл бир катар өндүрүш ишканаларын ишке киргизүү пландалууда. Алардын катарында сүт азыктарын өндүрүүчү "Обидфайз" ЖЧКсы, кондитердик продукция чыгарган "Барбол" фабрикасы, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү цех, ошондой эле мрамор жана акиташты кайра иштетүүчү "Эко Стоун" ишканасы бар. Мындан тышкары, нан жана ун азыктарын өндүрүүчү ишканалар, тери иштетүүчү завод, канаттуулар фабрикалары жана тоют өндүрүүчү ишканалар да ишке киргизилет.

Жаңы долбоорлордун ишке ашырылышы жүздөгөн жаңы жумуш орундарын түзүүгө, агроөнөр жай секторун өнүктүрүүгө жана өлкө экономикасына инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жана ишканаларды белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Министрлик мындан ары да агроөнөр жай секторун колдоо жана экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган иштерди улантат.

Мындан тышкары окуңуз

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

DemirBank'та "Өз пайыздык чениңди танда" акциясы уланууда, ал кардарларга онлайн-насыянын чендерин өздөрү аныктоого мүмкүндүк берет. 2026-жылдын 31-октябрына чейин банктын мобилдик тиркемеси аркылуу өтүнмө бергенде, кардар жылына 0% дан 19,99% га чейинки ченди тандай алат. Тиркемеде ченди тандагандан кийин, анын жактыруу ыктымалдыгы көрсөтүлөт.

Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү чет өлкөлүк жарандарга сатууда жер тилкесин тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Улугбек Ормонов иштеп чыгышкан. Документ коомдук талкууга чыгарылды.  Долбоорго ылайык, чет өлкөлүк жаранга имарат, үй же башка кыймылсыз мүлк сатылган учурда, анын алдындагы жер тилкеси сатуучу тарабынан акысыз

Бишкектин сүрөттөрү Чхонджуда өткөн эл аралык көргөзмөгө коюлду

Бишкектин сүрөттөрү Чхонджуда өткөн эл аралык көргөзмөгө коюлду

Түштүк Кореянын Чхонджу шаарында боордош жана өнөктөш шаарлардын «2026 Cheongju Sister and Friendship Cities Photo Exhibition» аттуу фотокөргөзмөсү өтүп жатат. Ага Бишкек шаары да катышууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, көргөзмөгө жети өлкөнүн — Кыргызстан, АКШ, Япония, Кытай, Россия, Вьетнам жана Польшанын 13 шаарынан жалпы 26 сүрөт коюлган.

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгында коомдук коопсуздук камсыз кылынат

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгында коомдук коопсуздук камсыз кылынат

Талас облусунун ички иштер башкармалыгында 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча кеңешме болуп өттү. Ага Ички иштер министринин орун басарлары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбековдор катышышты. Кеңешменин жүрүшүндө Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо, курулуш объектеринин ачылыш аземдери учурунда коомдук