Кыргызстанда ЖОЖдор менен колледждерде окуу акысы көтөрүлбөйт

Кыргызстанда ЖОЖдор менен колледждерде окуу акысы көтөрүлбөйт

Президент Садыр Жапаров кесиптик жогорку жана орто билим берүү мекемелеринде окуу акысын жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, 2026–2027-окуу жылында өлкөдөгү жогорку окуу жайларында, колледждерде жана башка кесиптик билим берүү уюмдарында окуу үчүн төлөмдөр жогорулатылбайт. Бул чечим окуу жайдын менчигинин түрүнө жана макамына карабастан бардык билим берүү мекемелерине тиешелүү болот.

Жарлыктын негизги максаты — билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүктү сактоо, жарандарды социалдык жактан колдоо жана студенттердин укуктарын камсыз кылуу. Ошондой эле бул чара үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн жеңилдетүүгө багытталган.

Окуунун акысынын көтөрүлүшүнө убактылуу тыюу салуу миңдеген студенттерге жана алардын ата-энелерине чоң жеңилдик жаратат. Айрыкча учурдагы экономикалык шартта бул чечим жаштардын билим алуусун улантууга оң таасирин тийгизери күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

ИӨБдүн колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор аткарылууда

ИӨБдүн колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор аткарылууда

Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) аймактык директору Хаммад Зафар Хундал жана Банктын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Министрликтин маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын: учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы демилгелерди даярдоо жана КР үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча

Ишкер Media
Келерки жылы Бишкекте "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммити өтөт

Келерки жылы Бишкекте "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммити өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Климат жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улуттук диалогдо сөз сүйлөдү. Иш-чара Климат жана жаратылыш боюнча улуттук жумалыкты жыйынтыкталышына жана Климат жана биологиялык ар түрдүүлүк маселелери боюнча эл аралык конференцияларга карата Кыргыз Республикасынын

Ишкер Media
Балык уулоого арналган жемдин арасынан кызгылт сары түстөгү 479 таблетка табылды

Балык уулоого арналган жемдин арасынан кызгылт сары түстөгү 479 таблетка табылды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматы жана КРнын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен өз ара аракеттенүүдө MDMA (экстази) психотроптук затын мыйзамсыз ташып кирүү жана сатуу боюнча эл аралык каналдын ишмердигине бөгөт койду. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө - Бишкек

Ишкер Media
Салык төлөөчүлөр жеке кабинеттеги маалыматты кантип коргой алат?

Салык төлөөчүлөр жеке кабинеттеги маалыматты кантип коргой алат?

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү Жеке кабинеттеги маалыматтарын коргоого чакырды. Билдирүүгө караганда, жеке кабинетте жарандардын жеке маалыматтары, салыктар, төлөмдөр жана отчеттуулук тууралуу маанилүү маалыматтар сакталып турат. Аталган маалыматтардын коопсуздугун коргоо үчүн: * логин жана сырсөздү башка адамдарга бербөө; * татаал жана ишенимдүү сырсөз колдонуу; * сырсөздү мезгил-мезгили менен жаңыртып туруу сунушталат. Салык кызматынын

Ишкер Media