Бишкек шаарынын мэринин тургундар менен жолугушуу графиги аныкталды

Бишкек шаарынын мэринин тургундар менен жолугушуу графиги аныкталды

2026-жылдын 11-майынан баштап Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин шаар тургундары менен жолугушуулары пландаштырылды.

Мэриянын басма сөз кызматынан маалымдагандай, иш-чаралар шаардын бардык райондорунда ачык форматта өтөт. Анын жүрүшүндө, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, муниципалдык кызматтардын иши жана тургундардын сунуштары боюнча маселелер талкууланмакчы.

Бишкек шаарынын мэриясы бул жолугушуулар шаар тургундары менен түз байланыш түзүүгө жана биргелешип чечүүнү талап кылган актуалдуу маселелерди кароого багытталганын ишчара экендигин белгилейт.

Мындан тышкары окуңуз

ИӨБдүн колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор аткарылууда

ИӨБдүн колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор аткарылууда

Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) аймактык директору Хаммад Зафар Хундал жана Банктын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Министрликтин маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын: учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы демилгелерди даярдоо жана КР үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча

Ишкер Media
Келерки жылы Бишкекте "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммити өтөт

Келерки жылы Бишкекте "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммити өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Климат жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улуттук диалогдо сөз сүйлөдү. Иш-чара Климат жана жаратылыш боюнча улуттук жумалыкты жыйынтыкталышына жана Климат жана биологиялык ар түрдүүлүк маселелери боюнча эл аралык конференцияларга карата Кыргыз Республикасынын

Ишкер Media
Балык уулоого арналган жемдин арасынан кызгылт сары түстөгү 479 таблетка табылды

Балык уулоого арналган жемдин арасынан кызгылт сары түстөгү 479 таблетка табылды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматы жана КРнын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен өз ара аракеттенүүдө MDMA (экстази) психотроптук затын мыйзамсыз ташып кирүү жана сатуу боюнча эл аралык каналдын ишмердигине бөгөт койду. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө - Бишкек

Ишкер Media
Салык төлөөчүлөр жеке кабинеттеги маалыматты кантип коргой алат?

Салык төлөөчүлөр жеке кабинеттеги маалыматты кантип коргой алат?

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү Жеке кабинеттеги маалыматтарын коргоого чакырды. Билдирүүгө караганда, жеке кабинетте жарандардын жеке маалыматтары, салыктар, төлөмдөр жана отчеттуулук тууралуу маанилүү маалыматтар сакталып турат. Аталган маалыматтардын коопсуздугун коргоо үчүн: * логин жана сырсөздү башка адамдарга бербөө; * татаал жана ишенимдүү сырсөз колдонуу; * сырсөздү мезгил-мезгили менен жаңыртып туруу сунушталат. Салык кызматынын

Ишкер Media