Жалал-Абадда селдин кесепеттерин жоюу жана алдын алуу иштери жүрүп жатат

Жалал-Абадда селдин кесепеттерин жоюу жана алдын алуу иштери жүрүп жатат

1–6-май күндөрүнө карата күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу сел коркунучун алдын алуу максатында Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев райондук жана шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Облус башчысы тиешелүү кызматтарга аймактагы кооптуу тилкелерди 48 сааттын ичинде кайрадан текшерип чыгып, тобокелчиликтерди так аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Расмий өкүл - буга чейин сел каналдарын тазалоо, коргонуу жумуштарын жүргүзүү жана даярдык чараларын камсыздоо үчүн керектүү акча каражаттары бөлүнгөнүн айтты. Ага карабастан, тийиштүү жумуштарды сапатсыз аткарган жетекчилерге атайын чара көрүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле сел каналдарын жана дарыя жээктерин тазалоо, таштандылардан арылтуу, мыйзамсыз тосмолорду алуу иштерин ыкчам жүргүзүүнү, ар бир аткарылган иш боюнча видео жана фото отчет берүү, техникаларды толук даяр абалда кармоо, 24 саат бою иш алып баруучу ыкчам топторду түзүү жана эвакуациялык пландарды тактап, даяр абалда туруу тапшырмаларын берди.

Мындан сырткары, 30-апрелде Манас шаарында катталган сел кырсыгынын келип чыгуу себеби, анын кесепеттерин жоюу жана мындан аркы алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча кошумча тапшырмаларды койду.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштерине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү жана тиешелүү кызматтар тартылып, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

ИӨБдүн колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор аткарылууда

ИӨБдүн колдоосу менен инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор аткарылууда

Бүгүн Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Тумановдун Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) аймактык директору Хаммад Зафар Хундал жана Банктын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Министрликтин маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мындан аркы кызматташуунун негизги багыттарын: учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу, жаңы демилгелерди даярдоо жана КР үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча

Ишкер Media
Келерки жылы Бишкекте "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммити өтөт

Келерки жылы Бишкекте "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммити өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Климат жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча улуттук диалогдо сөз сүйлөдү. Иш-чара Климат жана жаратылыш боюнча улуттук жумалыкты жыйынтыкталышына жана Климат жана биологиялык ар түрдүүлүк маселелери боюнча эл аралык конференцияларга карата Кыргыз Республикасынын

Ишкер Media
Балык уулоого арналган жемдин арасынан кызгылт сары түстөгү 479 таблетка табылды

Балык уулоого арналган жемдин арасынан кызгылт сары түстөгү 479 таблетка табылды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Россия Федерациясынын Федералдык бажы кызматы жана КРнын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен өз ара аракеттенүүдө MDMA (экстази) психотроптук затын мыйзамсыз ташып кирүү жана сатуу боюнча эл аралык каналдын ишмердигине бөгөт койду. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө - Бишкек

Ишкер Media
Салык төлөөчүлөр жеке кабинеттеги маалыматты кантип коргой алат?

Салык төлөөчүлөр жеке кабинеттеги маалыматты кантип коргой алат?

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү Жеке кабинеттеги маалыматтарын коргоого чакырды. Билдирүүгө караганда, жеке кабинетте жарандардын жеке маалыматтары, салыктар, төлөмдөр жана отчеттуулук тууралуу маанилүү маалыматтар сакталып турат. Аталган маалыматтардын коопсуздугун коргоо үчүн: * логин жана сырсөздү башка адамдарга бербөө; * татаал жана ишенимдүү сырсөз колдонуу; * сырсөздү мезгил-мезгили менен жаңыртып туруу сунушталат. Салык кызматынын

Ишкер Media