“100 өнөр жай ишканасы - 2026” долбоорунун алкагында объектилер текшерилди

“100 өнөр жай ишканасы - 2026” долбоорунун алкагында объектилер текшерилди

Бишкек шаарында “100 өнөр жай ишканасы - 2026” долбоорун ишке ашыруунун алкагында өнөр жай ишканаларына көчмө текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, шаарды өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Давлетбек Түгөлбаев, ошондой эле райондук администрациялардын башчылары жана алардын орун басарлары катышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкү төрт өнөр жай объектиси каралды:“КыргызТрансформатор” ЖЧКсы - күч трансформаторлорун өндүрүү долбоору;
“Биринчи индустриалдык комплекс” ЖЧКсы («Полибетон» ААК) - кошумча кондитердик цехтин курулушу;
“Пром Склад Кей Джи” ЖЧКсы - фармацевтикалык кампа комплексинин курулушу;
Аялдар кийимин тигүүчү фабрика (административдик имараттары менен) –“Сулайманова” ЖК.

Иш сапардын алкагында долбоорлордун ишке ашырылуусунун учурдагы этаптары каралып, ошондой эле каржылоо, жер маселелери жана уруксат берүүчү документтерди алуу боюнча көйгөйлүү маселелер белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ошто 1 млн сом байгелүү республикалык айтыш өттү

Ош шаарынын күнүнө жана залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата өткөн төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15тен ашык акын катышкан сынактын байге фонду 1 млн сомду түздү. Жеңүүчүлөр: • Баш байге (200 миң сом) - Нурсултан Абдикаримов • 1-орун (170 миң сом)

Ишкер Media
Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

Ош мэри боордош шаарлардын делегацияларын кабыл алды

5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаарга Азербайжандын Гянджа, Кытайдын Шицзячжуан, Түркиянын Маниса, Өзбекстандын Андижан жана Наманган, ошондой эле Россиянын Ярославль, Ростов-на-Дону жана Иркутск шаарларынан делегациялар келди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалымдалгандай, Мэр Жанарбек Акаев конокторду расмий кабыл алып, майрамга катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, шаарлар аралык достук

Ишкер Media
Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media