“Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде жаңы корпус ачылды

“Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде жаңы корпус ачылды

Президент Садыр Жапаров 7-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинин 60 жылдык мааракесине жана жаңы корпусунун ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы 97 орундуу жаңы үч кабаттуу имарат менен таанышып, жаңыланган инфраструктураны, анын ичинде бассейн жана термалдык булактарды көрүп чыкты. Ошондой эле бак отургузду.

Салтанаттуу бөлүктө сүйлөгөн сөзүндө Президент туризм жана санаторий-курорт тармагын өнүктүрүү өлкө үчүн маанилүү багыт экенин белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдары бул тармакта инфраструктура жаңыланып, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырды.

Садыр Жапаров “Ысык-Ата”, “Жети-Өгүз” санаторийлеринде, “Жыргалаң” курортунда жана “Улан” борборунда жүргүзүлгөн иштерди мисал келтирди. Ал эми “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жаңы объектилер курулганын айтты. Жаңы корпус акыркы 40 жыл ичинде биринчи жолу салынып жатканы белгиленди.

Президент акыркы эки жылда санаторийдин таза кирешеси эки эседен ашык өскөнүн жана кызматкерлердин айлык маянасы жогорулаганын билдирди.

Ошондой эле Мамлекет башчысы Президенттин Иш башкармалыгынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу айтылган сын-пикирлерге жооп берип, бардык иштер мыйзам чегинде жана көзөмөл алдында жүргүзүлүп жатканын айтты.

Садыр Жапаров акыркы жылдары жүргүзүлгөн реформалар, анын ичинде “Кумтөрдү” мамлекетке кайтаруу, транспорт жана темир жол тармагындагы өзгөрүүлөр тууралуу да токтолду.

Сөзүнүн соңунда Президент санаторийдин жамаатын маараке жана жаңы корпустун ачылышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Иш-чара майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.

Мындан тышкары окуңуз

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

DemirBank'та "Өз пайыздык чениңди танда" акциясы уланууда, ал кардарларга онлайн-насыянын чендерин өздөрү аныктоого мүмкүндүк берет. 2026-жылдын 31-октябрына чейин банктын мобилдик тиркемеси аркылуу өтүнмө бергенде, кардар жылына 0% дан 19,99% га чейинки ченди тандай алат. Тиркемеде ченди тандагандан кийин, анын жактыруу ыктымалдыгы көрсөтүлөт.

Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү чет өлкөлүк жарандарга сатууда жер тилкесин тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Улугбек Ормонов иштеп чыгышкан. Документ коомдук талкууга чыгарылды.  Долбоорго ылайык, чет өлкөлүк жаранга имарат, үй же башка кыймылсыз мүлк сатылган учурда, анын алдындагы жер тилкеси сатуучу тарабынан акысыз

Бишкектин сүрөттөрү Чхонджуда өткөн эл аралык көргөзмөгө коюлду

Бишкектин сүрөттөрү Чхонджуда өткөн эл аралык көргөзмөгө коюлду

Түштүк Кореянын Чхонджу шаарында боордош жана өнөктөш шаарлардын «2026 Cheongju Sister and Friendship Cities Photo Exhibition» аттуу фотокөргөзмөсү өтүп жатат. Ага Бишкек шаары да катышууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, көргөзмөгө жети өлкөнүн — Кыргызстан, АКШ, Япония, Кытай, Россия, Вьетнам жана Польшанын 13 шаарынан жалпы 26 сүрөт коюлган.

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгында коомдук коопсуздук камсыз кылынат

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгында коомдук коопсуздук камсыз кылынат

Талас облусунун ички иштер башкармалыгында 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча кеңешме болуп өттү. Ага Ички иштер министринин орун басарлары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбековдор катышышты. Кеңешменин жүрүшүндө Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо, курулуш объектеринин ачылыш аземдери учурунда коомдук