Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаң айылында “Ала-Тоо Резорт” бардык сезондогу тоо-кластери мамлекеттик долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча көчмө жыйын өттү. Жыйын Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы астында уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев, министрликтин кызматкерлери жана ведомстволук мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө долбоордун ишке ашырылуу этаптары, курулуш иштеринин жүрүшү жана инженердик инфраструктура объектилери каралды. Анын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана тазалоочу курулмалар системалары боюнча аткарылып жаткан иштер менен таанышуу болду.

Ошондой эле автомобиль жолдорун куруу, электр менен камсыздоо, долбоордук-сметалык документация жана сервистик инфраструктура маселелери талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жооптуу түзүмдөргө долбоорду ишке ашырууну тездетүү жана белгиленген мөөнөттөрдү көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди.

Иш сапардын алкагында катышуучулар курорттун инфраструктурасы жана объекттеги курулуш иштеринин жүрүшү менен да таанышышты.

Мындан тышкары окуңуз

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

Онлайн-насыяңыз үчүн пайыздык ченди тандаңыз. DemirBank акциясы уланууда

DemirBank'та "Өз пайыздык чениңди танда" акциясы уланууда, ал кардарларга онлайн-насыянын чендерин өздөрү аныктоого мүмкүндүк берет. 2026-жылдын 31-октябрына чейин банктын мобилдик тиркемеси аркылуу өтүнмө бергенде, кардар жылына 0% дан 19,99% га чейинки ченди тандай алат. Тиркемеде ченди тандагандан кийин, анын жактыруу ыктымалдыгы көрсөтүлөт.

Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Чет өлкөлүк жаранга сатылган мүлктүн алдындагы жерди мамлекетке өткөрүү сунушталууда

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү чет өлкөлүк жарандарга сатууда жер тилкесин тариздөө тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Улугбек Ормонов иштеп чыгышкан. Документ коомдук талкууга чыгарылды.  Долбоорго ылайык, чет өлкөлүк жаранга имарат, үй же башка кыймылсыз мүлк сатылган учурда, анын алдындагы жер тилкеси сатуучу тарабынан акысыз

Бишкектин сүрөттөрү Чхонджуда өткөн эл аралык көргөзмөгө коюлду

Бишкектин сүрөттөрү Чхонджуда өткөн эл аралык көргөзмөгө коюлду

Түштүк Кореянын Чхонджу шаарында боордош жана өнөктөш шаарлардын «2026 Cheongju Sister and Friendship Cities Photo Exhibition» аттуу фотокөргөзмөсү өтүп жатат. Ага Бишкек шаары да катышууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, көргөзмөгө жети өлкөнүн — Кыргызстан, АКШ, Япония, Кытай, Россия, Вьетнам жана Польшанын 13 шаарынан жалпы 26 сүрөт коюлган.

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгында коомдук коопсуздук камсыз кылынат

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгында коомдук коопсуздук камсыз кылынат

Талас облусунун ички иштер башкармалыгында 31-август - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча кеңешме болуп өттү. Ага Ички иштер министринин орун басарлары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбековдор катышышты. Кеңешменин жүрүшүндө Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо, курулуш объектеринин ачылыш аземдери учурунда коомдук