Бишкектеги курулушта автокран оодарылып, компанияга айып пул салынды

Бишкектеги курулушта автокран оодарылып, компанияга айып пул салынды

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн курулушунда автокран оодарылып кеткен окуя боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 7-май күнү Матыев көчөсү 21 жана 21/2 дарегинде жайгашкан 17 кабаттуу турак үйдүн курулушунда болгон. Автокран өндүрүштүк жумуштарды аткарып жаткан учурда оодарылып кеткен.

Окуядан кийин адистер тарабынан ыкчам текшерүү жүргүзүлүп, курулуш объектисинде техникалык коопсуздук талаптары толук сакталбаганы аныкталган. Натыйжада электр зымдары үзүлгөн.

Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар болгон эмес.

Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Кап Строй Кейджи” ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, объектини толук калыбына келтирүү боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты