"Ак-Тилек” постунда документтери туура эмес жүк артка кайтарылды

"Ак-Тилек” постунда документтери туура эмес жүк артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек” фитосанитардык текшерүү постунда мыйзам бузуу аныкталды.

Маалыматка ылайык, 10-майда Россия Федерациясынан ташылып келе жаткан 36 куб метр ийне жалбырактуу пиломатериал текшерүүгө алынган.

Текшерүү учурунда фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн маалыматтар товарды коштоочу транспорттук документтердеги маалыматтарга дал келбегени аныкталган. Тактап айтканда, жүктү алуучулардын ар башка даректери көрсөтүлгөнү белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагындагы карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүү тартиби тууралуу жобонун 3.7-пунктуна ылайык жүк кайра артка кайтарылды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты