Бишкектеги турак үйлөрдүн 99%ы ысык суу менен камсыз болду

Бишкектеги турак үйлөрдүн 99%ы ысык суу менен камсыз болду

"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы 2026-жылдын 11-майына карата борбор калаадагы ысык суу берүү иштери боюнча маалымат берди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жылуулук тармактарындагы оңдоо иштеринен кийин адистер турак үйлөргө ысык сууну этап-этабы менен кошууну улантууда.

Учурда ишкананын техникалык тейлөөсүндөгү турак үйлөрдүн 99%ы ысык суу менен камсыз болду. Калган абоненттерди кошуу жана айрым үйлөрдө ысык суунун жок болуу себептерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатат.

Белгиленгендей, Шопоков көчөсү 99/1 жана Жибек Жолу проспектиси 517 даректериндеги жылуулук пункттарына кирүү мүмкүн болбой жаткандыктан, бул үйлөргө ысык суу убактылуу бериле элек.

Ошондой эле ысык суу берилгенден кийин гидравликалык режимди жана циркуляцияны жөнгө салуу иштери жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу айрым үйлөрдө ысык суу кечигип келиши мүмкүн.

Ишкана тургундарды суу жылыткычтарын өчүрүп, борборлоштурулган ысык суу системасын колдонууга өтүүгө чакырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Бишкек - Кант жолунда жарыктандыруу системасы ишке кирди

Бактияр Алиев Социалдык фонддун ишин журналисттерге тааныштырды

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты