Кыргызстанда Евро-5 күйүүчү майы өндүрүлө баштайт

Кыргызстанда Евро-5 күйүүчү майы өндүрүлө баштайт

Дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу жана Иранга каршы согуш аракеттеринен кийин газ менен күйүүчү майдын баасы кескин өсүп, бул Кыргызстандагы бааларга дагы таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, согуш башталганга чейин Россиядан АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин тоннасы орточо 650 доллардан ташылып келсе, учурда баасы 950 долларга жеткен. Ал эми дизель отуну мурда 700 доллардын айланасында болсо, азыр 1200 доллардан ашкан.

Дайырбек Орунбеков айрым жарандардын “эмне үчүн Казакстанда күйүүчү май арзан?” деген суроосуна дагы жооп берип, коңшу өлкөдө ири нефть ресурстары бар экенин жана күйүүчү май мамлекет тарабынан субсидияланарын белгилеген.

Ошондой эле ал Кыргызстанда электр энергиясы дагы мамлекет тарабынан субсидияланып жатканын мисал келтирди. Анын маалыматына ылайык, электр энергиясынын өздүк баасы 3 сом 7 тыйын болсо, элге 1 сом 64 тыйындан берилүүдө.

Мындан тышкары, өлкөдө нефтини өндүрүү жана кайра иштетүү багытында иштер жүрүп жатканы айтылды. Учурда “Кыргызнефтегаз” жана “Джунда” нефть кайра иштетүүчү заводдорунда модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Жаңылоо аяктагандан кийин евростандартка жооп берген күйүүчү май өндүрүлөрү белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн